Бишкекте издөөдө жүргөн Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жүргүзүлүп жаткан ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө Бишкек ШИИББинин жана УКМКнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү Ш.А. Бишкек шаарында кармалды. Ал 1989-жылы туулган. Тергөө кызматына жеткирилип, учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Шектүүгө Биринчи Май райондук соту 2018-жылы издөө жарыялаган. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.