Жалал-Абад шаарында балдарга таттууларды таратып жаткан Түштүк Кореянын үч жараны кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"14-январда нөөмөт бөлүмүнө Жалал-Абад шаарынын 40 жаштагы И.Д. аттуу тургуну кайрылып, Птица-Фабрика кичи шаарчасында чет өлкөлүк үч жаран көчөдө ойноп жүргөн балдарга таттууларды таратып жаткандыгын кабарлаган. Жерине тергөө-ыкчам тобу таттууларды таркатып жаткандар Түштүк Кореянын 3 жараны экендиги аныкталып, алардын аты-жөнү такталган.
Алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүдө: алар 2021-жылдын 10-январында өлкө аймагына турист катары эс алып, көрүп кетүү үчүн келишкендигин жана 14-январь күнү Жалал-Абад шаарынын Птица-Фабрика участкасына барып кыдырып, жер көрүп жүргөн учурда ал жерде ойноп жүргөн балдарга өздөрү колунда көтөрүп жеп жүрүшкөн шириндик-таттуулардан берип ойнотушкандыгын, алардын оюнда эч кандай жамандык болбогондугун билдиришкен", - деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 126-берененин (Сапаты начар тамак-аш азыктарын сатуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, Корея улутундагы атуулдардан алынган 10 даана таттууларга карата соттук-химиялык экспертиза дайындалган.
Учурда териштирүү иштери улантылып жатат.