"Чоң-Капка" көзөмөл өткөрүү пунктунда мыйзамсыз тамеки ташып бара жаткандар кармалды

"Чоң-Капка" унаа көзөмөл өткөрүү пунктунда мыйзамсыз тамеки ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик чек ара кызматы 14-январь күнү "Чоң-Капка" унаа көзөмөл өткөрүү пунктунун чек арачылары контрабандалык жүктү токтотушкан. Анда 1995-жылы туулган жарандын башкаруусундагы ЗИЛ-131 жүк ташуучу унаасы текшерүүгө алынган.

Унаа Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга багыт алган. Чек арачылар ЗИЛ-131 унаасын текшерүүдө акциздик маркасы жок 9 куту тамекини табышкан. Жүктүн жалпы баасы 400 миң сомду түзгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан