Нарындын Кочкор районунда 40-45 жаштагы кишини унаа сүзүп каза болду. Окуяны Нарын ОИИБинин басма сөз кызматы тастыктады.
Анда милицияга бүгүн, 15-январда саат 03:00 чамасында Кочкор-Кара-Тоо айылдарынын ортосундагы көпүрөнүн тушунда белгисиз жарандын жансыз денеси жатканы боюнча маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, жансыз денени таап, аны унаа сүзүп кеткендигин аныкташкан. Ошондой эле Volkswagen үлгүсүндөгү унаанын бамперинин сыныктары калгандыгын көрүшкөн. Бул факты Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Учурда аталган унаанын айдоочусу кармалып, тергөө иштери жүрүп жатат.