Бишкек-Торугарт жолундагы кырсык. Каза болгон жубайлар Жети-Өгүзгө бара жатышкан

Бишкек-Торугарт унаа жолунда эки унаа сүзүшүп, каза болгон эки жаран аялы-күйөөсү болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районуна бара жатышкан. Алар 35 жана 34 жаштагы жубайлар болушкан.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 14-январь күнү саат 13:00 чамасында болгон. Анда Ысык-Көл облусуна бара жаткан Мерседес-Бенц унаасынын айдоочусу карама каршы тилкеге чыгып, Мерседес унаасы менен сүзүшкөн. Натыйжада эки адам каза болуп, бир адам жаракат алган.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
ooki8888
2021-01-15 13:05:42
Ыймандары саламат болсун.
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан