"Өлкөдөгү мыкты окуу жайлардын катарына кошконго аракет кылам" дейт жетекчи болуп дайындалган Самара Каримова

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайына директор болуп дайындалды. Бүгүн, 15-январда эмгек жамаатка жаңы жетекчи тааныштырылды.

"Бүгүн Бишкектен министрликтин статс-катчысы атайын келип окуу жайдын жамааты менен тааныштыруу болду. Ага Ош шаардык мэриясынын өкүлү, вице-мэр дагы катышты. Мен эч кандай мыйзамды бузган жокмун, баары мыйзамдуу болду. Кудай буюрса, окуу жайды өнүктүргөнгө, Кыргыз өлкөсүндөгү мыкты училищелердин катарына кошконго колумдан келишинче аракет кылам", - деди ал.

Ырчы мындан 3 жыл мурда бул окуу жайга директор болуп дайындалып, 3 күндөн кийин ошол кездеги маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов буйрук негизсиз деп арыз жаздыртпай, билдирме бербей эле кызматтан алып койгон. Мындан улам Самара айым аброюмду, адамдык укугумду тебелеп жумуштан алган деп сотко кайрылганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
Napaleon
2021-01-15 13:36:06
Куттуктайбыз Самара. Эми онуктур.
-17
Almazhhhh
2021-01-15 13:44:23
Самаш менен Асаш директор болуптур жаар жаар!!!!
+17
forever88
2021-01-15 13:49:12
Almazhhhh,
-1
Tyty1990
2021-01-15 19:26:21
Almazhhhh,болушунча аянбай соттошуптур эй жар жар. Соттоп жаткан судьяга сом таштаптыр эй жар жааар Сом таштаптыр ээй жар жаар
+8
Kari
2021-01-15 13:49:10
Кыйратат,онуктуробу же оздоштуробу
+10
umarbey
2021-01-15 14:11:11
Ubaginda ministr bolgon Azamat Jamangulov miyzamsiz ishke barbash kerek ele.
-3
Sara1993
2021-01-15 14:16:03
Сенин онуктурушуну эч ким муктаж эмес, онуктурбой эле кой, лучше озунду онуктур, Мурунку директор эле жакшы болчу.Ар жакка эле кыпчыла бербей.
+12
NURSAPAR
2021-01-15 14:31:31
Жөн эле койбодуң да Самаш. Оозу мурдуңду боёп,сахнага чыгып, фонограммаңы коюп,оозуңу кыймылдатып жаныңды бага бербейсиңби? Жең креслодо отуруш жагабы. Асан акам акча бербей койдубу?
+8
Lina2020
2021-01-15 16:35:10
Баарын убакыт көргөзөт.
+2
Samsung-
2021-01-15 16:50:41
Биринчиден озунду онуктурчу,уят деген жок экен да.
+1
Napaleon
2021-01-15 17:54:13
Неге эле Самарага жабышып калдынар, Самара кремлде ырдаган биринчи кг ырчы. Молодец Самара.
-6
Jelezo
2021-01-16 00:02:07
Кыргыздар эч кимди көрө албайбыз байып,кызматтан чоңоюп кетсе жакшы сөз айтып коюш жок боктоп эле жатып калабыз өзүбүздүн колдон келбейт жамандагандай башка, ийгилик каалайм Самара кызыма.
-3
arimaz89
2021-01-16 07:35:22
Муну тээ башта кайсы жарым эс шайлаган директорлукка?
0
arimaz89
2021-01-16 07:36:50
Самара, сени тээ башта ким шайлаган директорлукка?
0
Taalaibek.
2021-01-17 08:07:03
Тажрыйба алып анан жогорку жака бир аздан которулуп анан чон болчу эле го. Кирип келип эле чон болуш? Кумон болуп каласын го.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан