Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын Сулайман тоо милициясы уурулук менен алектенип жүргөн топту кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, шектүүлөрдүн бири 1998-жылы экөө 2004-жылы туулган.
"Ош шаарында декабрь-январь ай аралыгында майда соода түйүндөрдө жасаган уурулуктардын саны 15тен ашкан. Бүгүнкү күнү дагы арыз бергендер келип жатышат. Арыздануучулардын айтымында түнкү саат 03:00 чамаларында соода дүкөндөрүнүн эшик-терезелерин бузуп киришип, колго тийген баалуу буюмдарды уурдашкан. Анда базардан мандарин, жүзүм, телефондор уурдалган.
Акыркы жолу шектүүлөр уурулук жасап качып бараткан учурда колго түшкөн. Алардын унаалары тинтүүгө алынганда багаждан тамеки, телефондор табылган. Бүгүнкү күндө Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы уурулук боюнча сотко чейинки өндүрүш ишин ачып, кармалгандардын бирөө убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Калган экөө жашы жете элек өспүрүм болгондуктан алар үй камагына бошотулган. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш уланууда", - деп жазылат маалыматта.