Маданият министрлиги майда нерселер менен алек болуп калды. Өзүнүн канча тармагы чирип жатат? Жаш балдардын наамдарын алып коёт деген туура эмес. Мындай пикирин Кыргыз Республикасынын Эл артисти, музыкант Курмангазы Азыкбаев SUPER.KG порталы уюштурган талкууда билдирди.
"Балдардын видеосун башынан аягына чейин көрүп чыктым, мындай сөздөрдү досторунун арасында айтса туура келмек. Биздин кыргыздын салтында деле терс көрүнүш катары саналат да. Жанагы ырчы балдар элден кечирим сурап койсо эле бул ызы-чуу болбойт болчу. Бирок наамды алып коёт деп жатканы туура эмес, албаш керек. Видеосуна киргендер кирип, кирбегендер кирбесин деп жатканы чындыгында болбойт. Себеби кээ бир кичинекейлер адашып кирип алса, жакшы эмес. Негизи бул ишти аябай ырбатып чоңойтуп жибербедиби. Маданият министрлиги ушундай нерсе менен алек болуп калды, ал эми өзүнүн канча деген тармагы чирип жатат. Андан көрө ошолорду өркүндөтүшү керек эле да. Канча концепция, программа жазып бердик. Ошол жерге бир аттуу-баштуулардын баары тең чогулуп ушул тармакты өркүндөтөлү дегендин ордуна булар ушундайлар менен алек болуп калды да. Эми лицензия дегенди кабыл алып жатат. Рамкага салып коёт. Муну менен жаңы чыгып келе жаткан жаш муундардан чыгармачылык менен алек болом дегендердин баарына бөгөт коюп койду. Мен дайыма бетке айтып коём чындыкты, ошол үчүн жаман көрүнөм", - дейт Азыкбаев.
Белгилей кетсек, буга чейин ырчы Курал Чокоевдин ырчылар менен биргеликте даярдаган долбоору коомчулукта кызуу талкууга алынып, чуу жараткан. Мындан улам Маданият министрлиги Курал Чокоевдин "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисинен ажыратып, аталган берүүгө тартылган ырчы Кайрат Примбердиевди дагы "Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти" наамынан ажыратуу каралып жаткандыгын айткан.