Ош шаарында айдоочу аялдамада турган аялды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, айдоочуну патрулдук милиция кармаган.
Жол кырсыгы кечээ, 14-январда болгон. Анда айдоочу Хендай Атос унаасы менен бара жатып, аял кишини сүзүп алган.
Учурда бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.