Өлкөгө мыйзамсыз 10 миң куту тамеки ташып келе жаткан жаран бажы кызматы тарабынан кармалды

Өлкөгө мыйзамсыз тамеки продукцияларын ташып келген жаран бажы кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, "Түштүк-Батыш” бажысынын кызматкерлери Ош облусунун тургунунун башкаруусундагы Subaru Forester үлгүсүндөгү унаа каражатын токтотуп текшеришкен. Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатына бажылык текшерүү жүргүзгөн учурда чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан 10 миң куту “Milano” соода маркасындагы тамеки продукциясы табылган. Кармалган товардын жалпы наркы 65 миң сомду түзөт.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, материалдар тергөөгө караштуулугу боюнча тийиштүү тарапка өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан