Баткенде шахтадагы жарылуудан бир адамды топурак басып каза болду

Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шахта жарылып, бир киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан кабарлашып, окуя бүгүн, 15-январда болгонун билдиришти.
"Кызыл-Кыя шаарындагы 5-карьер тилкесинде жайгашкан шахтада белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, кырсыктан 1976-жылы туулган эркек кишини топурак басып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине саат 11:45те мобилдештирилген тоо-кен куткаруу взводунан 9 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет", - дешти мекемеден.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан