Муфтияттын маалыматы боюнча, быйыл Меккеге ажылык сапарга Кыргызстандан 3722 зыяратчы барды. 2-октябрда Мекке шаарында зыярат кылуу башталар алдында Ош облусунун Араван районундагы Чек-Абад айылынын 74 жаштагы тургуну Санат Куранбаев каза тапты. Медицина кызматкерлеринин корутундусу боюнча, зыяратчы инфаркттан көз жумду.