Мой Beeline тиркемесин жүктөөнүн саны бир миллиондон ашты, эми ал Play Market’тин акысыз тиркемелер бөлүмүндө башкы орунда турат.
Тиркеменин мындай популярдуулугунун сыры эмнеде жана эмне үчүн аны жүктөө керек?
Beeline абоненттери Мой Beeline тиркемесин колдонуу бир кыйла ыӊгайлуу экендигин белгилешет. Эми эч жерге чалуунун, оператор менен байланышууну көпкө күтүүнүн же өз убактыӊызды коротуп, тейлөө борборуна баруунун кереги жок. Бардык маселелерди тиркемеден эле чечсе болот, ал жерде WhatsApp каналында оператордун 24/7 колдоосу жеткиликтүү.
Анын жардамы менен тарифти өзгөртүп, кызматтарды кошуп, номерди, эсепти, өз чыгымдарыӊызды, жакындарыӊыздын, туугандарыӊыздын жана досторуӊуздун чыгымдарын көзөмөлдөп, акцияларга, утуштарга катышып, жеке арзандатуу сунуштарын алып, эсепти толуктап, акча которуп, коммуналдык төлөмдөрдү, айып пулдарды төлөп, сатып алууларды аткара аласыз.
Beeline ар дайым өз тиркемесин өнүктүрүп, Сиз үчүн жаӊы пайдалуу функцияларды жана мүмкүнчүлүктөрдү кошуп турат. Келиӊиз, тиркеме бир жылдын ичинде кандай өзгөргөнүн карап чыгалы.
Жеке сунуштар
Beeline’дын жагымдуу өзгөчөлүктөрүнүн бири – бонустарга жана сюрприздерге марттыгы. Мой Beeline тиркемесинен биздин команда Сиз үчүн эӊ ыӊгайлуу тарифти жана ошондой эле арзандатууларды жана акциялык сунуштарды сүйүү менен тандаган.
Мисалы, азыр тиркемеден төмөндөгүлөрдү алсаӊыз болот:
Balance.kg бөлүмү
Эми балансыӊызды текшерип, коммуналдык кызматтардын акысын төлөө үчүн эки башка тиркеме жүктөөнүн кереги жок, - мунун баары Мой Beeline’да бар. Биз Balance.kg уюлдук капчыгын интеграцияладык, демек бул Сизге тиркемеден эле 500дөн ашык кызматтын акысын комиссиясыз төлөөгө мүмкүндүк берет.
Бир нече номер жана колдонуучунун профили
Beeline кээ бир колдонуучулар бир смартфондон башкаруу үчүн тиркемеге жакындарынын жана туугандарынын дароо бир нече номерин кошуп жаткандыгын байкады. Бул жеке же жумуш номери, убактылуу смартфону жок жакындардын же балансынын абалын текшерип, балансын көзөмөлдөп туруу зарыл болгон адамдардын номери болушу мүмкүн.
Атайын мындай учурлар үчүн «Мой Beeline’да» төмөндөгүлөр ишке ашырылат:
Квесттер, жаркын темалар, тилдер жана сыйлыктар
Тиркеме пайдалуу жана кызыктуу болушу үчүн, Сиз ар кандай квесттерге катышсаӊыз болот! Жеӊил тапшырмаларды аткарып, өзүӊүз үчүн улам жаӊы сюрприздерди ачыӊыз.
Ал эми тиркемени колдонуу ыӊгайлуу жана жагымдуу болушу үчүн, Мой Beeline’да ар кандай темалар жеткиликтүү, жана эӊ жакынкы арада сыйлыктар да жеткиликтүү болот. Тиркеме өз колдонуучулары менен алардын эне тилинде сүйлөшөт. Азыркы тапта орус жана кыргыз тилдери жеткиликтүү, бирок жакында тилдердин тизмеси кеӊеет.
Тиркеменин интерфейси ыӊгайлуу жана түшүнүктүү болгондуктан ал жаӊы колдонуп баштаган адам үчүн да ыӊгайлуу болот. Ал эми андагы жагымдуу дизайнга ээ болгон функциялардын топтому операторуӊуз менен болгон бардык маселелерди гана чечпестен, тиркемени колдонууда кубаныч жана сюрприздерди тартуулап турат.
Баса, эгер Сизде кандайдыр бир суроолор пайда болсо, аларга жеткиликтүү видеонускама жооп берет: https://ms-dev.beeline.kg/ru/app-faq
Билдирүүлөр
Эми билдирүүлөр түздөн-түз тиркемеде сакталып, сиз каалаган ыӊгайлуу учурда жеке сунушту, топтомдорду жана арзандатууларды алууга акциялар жана жеткиликтүү жаӊылоолор жөнүндө билүүгө мүмкүндүк берет.
Мой Beeline тиркемеси – жөн гана кызматтарды кошууга арналган платформа эмес, чыныгы башкаруу жана өз уюлдук операторуӊуз менен өз-ара аракеттешүү борбору жана ал жерден колдонуучуга күн сайын улам көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр жеткиликтүү болуп турат.
Тиркемени расмий маркет-плейстен төмөндөгү шилтеме аркылуу көчүрүп алсаӊыз болот
https://play.google.com/store/apps/details?id=kg.beeline.odp&hl=ru&gl=US
Мой Beeline – баары мүмкүн!