Кечээ, 14-январда жасалма ПЦР тест жыйынтыгын ишке ашырган кылмыштуу топ аныкталды. Бул тууралуу Финансы полициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Көрсөтүлгөн кылмыштуу топко кирген жарандар лабораториялык анализдердин терс жыйынтыгы менен маалым каттарды беришкен, ошол эле учурда анализдерге башка медициналык процедуралар жүргүзүлгөн эмес. Көрсөтүлгөн бланктарды даярдоо мөөнөтү 1 сааттан 2 саатка чейин созулуп, баасы 3 миң сомду түзгөн.
Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө К.Т. жана Т.у.Б. аттуу жарандар аталган кылмышка катыштыгы бар деп шектелип кармалышкан. Коронавирус пандемиясында бул мыйзамсыз аракеттер Кыргыз өлкөсүндө жана башка өлкөлөрдө курчуп турган санитардык-эпидемиологиялык кырдаалды бузат, ошондой эле калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирет", - деп жазылат маалыматта.
Учурда бул кылмышка шектелген башка жарандар жана медициналык мекемелерди аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүүдө.