Баткенден Бишкекке баңгизатын алып келе жаткан жаран кармалды

Баткенден Бишкекке баңгизатын алып келе жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Баткен облусунун Лейлек районунда 12-январь күнү Исфана шаары аркылуу өтүүчү Ош-Исфана унаа жолунда Бишкек шаарына каттаган Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаада жүргүнчү катары бара жаткан Ош облусунун Кара-Суу районунун 32 жаштагы тургуну Н.А.нын жанынан өзгөчө жыты бар, баштыкка оролгон салмагы 1килограмм 600граммдан ашуун күрөң түстөгү зат табылып алынган. Алынган затка экспертиза дайындалып, экспертизанын корутундусунда баңгизатынын гашиш түрү экендиги аныкталган.

Ал эми тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары кармалган 32 жаштагы Н.А. өзүнүн көрсөтмөсүндө кылмыштуу шериги Бишкек шаарында экендигин билдирген. Лейлек РИИБинин ыкчам кызматкерлеринин жана Бишкек шаарындагы Ленин РИИБнин кызматкерлери менен биргеликте жүргүзгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Бишкек шаарынан Ош облусунун Кара-Суу районунун 39 жаштагы И.Ш. аттуу тургуну аныкталып кармалган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип кармалгандар мурда оор берене менен соттолгон. Азыркы күндө кармалгандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан