УКМК пара берүү фактысы боюнча чет элдик жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 15-январында УКМК тарабынан Мамлекеттик чек ара кызматы менен биргеликте мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү боюнча кызмат адамына пара берип жаткан жеринен чет мамлекеттердин биринин жараны 1983-жылы туулган Г.С. жана анын шериги 1986-жылы туулган К.А. кармалды.
"Такталган маалымат боюнча кармалган адам Мамлекеттик чек ара кызматынын кызматкерине К.А. аттуу жергиликтүү тургунду ортомчу кылып коңшу мамлекеттин аймагына өткөрмө пункттан тышкары жерден мыйзамсыз өткөрүү үчүн акча каражатын сунуш кылган. Аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Кармалган жарандар УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Тергөө жүрүп жатат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.