Жалал-Абадда сабалган "Тазалык" ишканасынын кызматкери айыпталуучуга карата тосмо арыз жазды

Жалал-Абад облусунда белгисиз жаран тарабынан сабалган "Тазалык" ишканасынын кызматкерине кол көтөргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Жала-Абад ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Буга чейин 2020-жылдын 24-декабрында саат 04:30 чамасында Жалал-Абад шаарында "Тазалык" ишканасынын жумушчусу Маргуба Хакимованы кебетеси азиялык болгон белгисиз 25-30 жаштардагы бала уруп окуя болгон жерден качып кеткен.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-беренеси "Бейбаштык" боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Бүгүн, 15-январь күнү жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну кармалып, тергөө кызматына киргизилди. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү таанып, аны К.У. уруп денесине жаракат келтиргендигин көрсөткөн. Бирок учурда ага карата доо-арызы жоктугун билдирип, тосмо арызын жазып берген", - деп жазылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
baky040391
2021-01-15 23:06:11
Элдин алдына чыгарыш керек эле ахмакты.
+1
Birimdik5555
2021-01-16 02:46:58
Тосмо арыз жазасын деп коркуткандыр да
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан