
Бишкек шаарынын Ленин районундагы Масалиев-Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде №71 дарегинде жайгашкан "Эрте өнүгүү академиясынын" жалпы имараттын 143 чарчы метр чатыры күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө ккырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, аталган аймакта чыккан өрт саат 18:04 чектөөгө алынып, 19:22де толук өчүрүлдү. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды.