
Куткаруучулар Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында шахта жарылып,
каза болгон маркумдун жансыз денесин саат 20:10до алып чыгышып, туугандарына өткөрүп беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Кызыл-Кыя шаарындагы 5-карьер тилкесинде жайгашкан шахтада белгисиз себептерден улам жарылуу болуп, кырсыктан 1976-жылы туулган Т.К. аттуу эркек кишини топурак басып калган.
"Жерине саат 11:45те Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Тоо кен кырсыгынын куткаруу кызматынан 9 куткаруучу тартылган. Издөө иштеринин натыйжасында саат 20:10до маркумдун жансыз денеси табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди", - деп жазылат мекеменин маалыматында.