"Жанчыш керек", "Тишиңерди талкалайбыз". Садыр Жапаровдун тарапташы Бакай Кашкарбаевге кылмыш иши козголду

Сотторго жана прокурорлорго зомбулук көрсөтөм деп коркуткан видеоматериалдарды социалдык тармакка жарыялаган Бакай Кашкарбаев аттуу жаранга карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 15-17-ноябрга чейин Фейсбук социалдык тармагында 4 миң 981 колдонуучу бар аудиторияга BakaiKashkarbaev аттуу колдонуучу сотторго жана прокурорлорго зомбулук көрсөтөм деп коркуткан видеоматериалдарды жарыялаган.

Андан сон аталган социалдык тармактагы баракчанын колдонуучусу Бакай Кашкарбаев экендигин аныкталды. Анда ал мамлекеттик органдардын жетекчилерин агрессивдүү сынга алууга багытталган иш аркеттерди жүргүзгөн.

"2020-жылдын 15-ноябрында Кашкарбаев белгисиз адамдар тобу менен Чолпон-Ата шаарында Ысык-Көл облустук прокуратурасынын жетекчисине карата коркутууларды айтканы видеого түшүп калган. Мындан тышкары активист "Башын кесиш керек!", "Жанчыш керек", "Тишиңерди талкалайбыз!", "Көзүңөрдү чукуйбуз" деп элди көтөрүлүүгө үндөгөн.

2020-жылдын 16-ноябрында ал райондук соттун төрагасынын иш бөлмөсүнө кирип, ал жердеги тартип бузуу фактысын чагылдырган видео жарыялаган. Андан тышкары судья Т. Жумаев менен жолугушууну талап кылып жатканы ачык көрсөтүлгөн.

Өткөн жылдын 17-ноябрында Каракол шаарында Кашкарбаев адамдардын тобу менен Каракол шаардык сотунун административдик имаратынын алдында тартип бузууга аркет кылган иш аракеттерди улантышкан. Өз сөзүндө ал Ысык-Көл облусттук сотунун судьясы А.Апышевге жана облустук прокуратуранын бөлүм башчысы А.Нышановго карата ачык коркутууларды айткан", - деп жазылат маалыматта.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталды. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Белгилей кетсек, бир нече маалымат булактары Бакай Кашкарбаевди Садыр Жапаровдун активдүү тарапташы экенин жазышкан. Ал Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучу болуп турганда өзүн кеңешчи кылып алууну талап кылган видеосу социалдык тармактарга тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
jergetal
2021-01-16 00:31:18
Мына сага Садыр Жапаровтой адилеттүү адам жок, мыйзам баарына бирдей....
+4
erik3
2021-01-16 00:37:56
Дүйнө жүзү боюнча Бакайга окшогон түркөй, адам жок болуш керек.
+24
KaGaH
2021-01-16 00:48:03
Көрбөгөндүн көргөнү курусун!
+18
bond02
2021-01-16 01:05:11
Бектер кетет эл калат дейт, Садыр ээрден кыйшайса бул Бакай кайсы тешикке кирет экен коро жатаарбыз.
+13
al-abu-kinesz
2021-01-16 01:20:37
АнтиЖапаровчулар жыргайсынар го жон эле? Бакайга окшогондор болбосо ушундай революция болмок эмес! Ал дайым карапайым, адилетсиздиктин курманы болгон тараптын талабын которуп журот! Бакайды жок кылсанар эртен Кошой чыгат, аны жоктоп Жолой чыгат, кырып буто албайсынар эски замандын желмогуздары!
Алга Бакай байке, сиз элдин унусуз!!
-10
tolik.9017
2021-01-16 03:13:03
al-abu-kinesz,Кошой уйундо жатат ангинасы карма калыптыр
+6
Sonku
2021-01-16 08:44:32
tolik.9017, катырдынго Жолой дагы улакка барып жыгылып колу буту сынып жатат экен
+4
miki87
2021-01-16 11:04:20
al-abu-kinesz, закон кайда калат баарыбыз кыйкырып чыга берсек.
+4
KaGaH
2021-01-16 16:08:34
al-abu-kinesz,причем тут антижапаровчулар?
мен Жапаровго добуш бердим,бул жерде сөз Бакай жөнүндө болуп атат,Жапаров Бакайдын жардамысыз эле эмне кылышты жакшы билет,тишин сындырам,башын жарам деген сөз бул түркөй жапайы адамдардын кылыгы
+2
Mmg
2021-01-16 02:37:38
Негизи бул киши чегинен ашырып жиберди
+14
max-bek
2021-01-16 09:26:49
Бул дагы эптеп кыйкырып бир кызматты сурап журот да. Президенттин кенешчиси болгусу келет экен го.. видеолорун коргум да келбей калды. Чегинен ашып кетти
+2
Mirnar
2021-01-16 10:08:18
Урматтуу журналисттер, Садыр Жапаровду кошпой жазгылачы макаланарды!
+8
Alixan-Nookat.2015
2021-01-16 16:01:30
Жакшы болуптур фейсбукка кирсең эле Бакайдын кыйкырып элдик көзөмөл деп ар жерге мурдун тыкканын көрөсүң.
+2
Aidan_Ek
2021-01-16 20:54:33
Чындап эле кылыш иши козголсо жакшы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан