УКМК тарабынан кармалган кримавторитет "Алтуха" үй камагына чыгарылды

УКМК тарабынан кармалган "Алтуха" каймана аты менен таанымал кримавторитет Алтынбек Ибраимов үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу укук коргоо органдардагы өздүк булактар билдирди.

Маалыматка ылайык, анын баш коргоо чарасын Биринчи Май райондук соту кечээ, 15-январда караган.

Анда Алтынбек Ибраимов 2 ай ичинде кечки 22:00дөн таңкы 06:00гө чейин үйүнөн чыкпаш керек.

УКМК кримавторитетти 13-январда кармаган, ага чейин профилактикалык баарлашууга ИИМ чакырып, ага коомдук тартипти сактабай, мыйзам бузса жоопко тартылары эскертилген болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
miki87
2021-01-16 10:55:48
Качан токтотосунар спектакльдарды??? Может хватит .
+7
Qwer007
2021-01-16 11:11:51
miki87, эскертуу берип, тергеп жатышат да, баштагы бийлик кылбаган нерселерди аткарып жатышат. Ташиев, Жапыкеев данк
-5
AJow
2021-01-16 20:36:18
Qwer007,жонокой жарандарга уй камагына чыгыш оор го, соттор чыгарбайт $бермейинче
0
kairhai
2021-01-16 11:57:34
Мультфильм
+7
erkeleim
2021-01-16 13:46:16
Шоу продолжается. Уят эле. Кармап кое берип тажаган жоксунарбы?
+5
zam81
2021-01-16 14:45:33

Кармап не кереги бар уйуно барып эле суйлошуп кетип калбайт беленер анча болду
+4
bond02
2021-01-16 21:57:08
Азыркы бийликке актерлер келди.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан