Нарын облусунун Ак-Талаа районунун аймагында мыйзамсыз ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин профилактикалык түшүндүрүү иштеринин жүрүшүндө 2021-жылдын 8-январь күнү Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын күн чыгыш тарабынан белгисиз адамдар аңчылык кылып жүргөн жеринен кармалган.
Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында алар Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын тургундары 1991-жылы туулган Ж.А. жана ушул эле айылдын тургуну 1992-жылы туулган М.Д. өздөрүнө тиешелүү болгон калибр үлгүсүндөгү ок атуучу куралын эч кандай далилдөөчү документтери жок мыйзамсыз көтөрүп алып, колдонуп жүргөндүгү аныкталган.
Бул факты боюнча бүгүнкү күндө Ак-Талаа райондук ички иштер бөлүмү тарабынан тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.