Коррупцияга шектелип, УКМК тарабынан кармалган депутат Дүйшөн Төрөкуловдун кармалгандагы видеосу жарыяланды. Депутат Ош шаарынан кармалып, учак аркылуу Бишкекке алынып келинген.
Биринчи Май райондук соту депутат Дүйшөн Төрөкуловду эки айга УКМКнын СИЗОсуна камакка алган.