Ошто күндүз үйлөргө кирип, зер буюм жана акча уурдап жүргөн шектүү кармалды

Ош шаарында күндүз үйлөргө кирип, зер буюм жана акча уурдап жүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шектүү 1990-жылы туулган К.Н. аттуу жаран. Ал мурда дагы карактоо жана тоноо фактылары менен соттолуп, абактан чыкканына бир жыл боло элек.

"Шектүү Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн криминалдык милициясы кызматы тарабынан кармалды. Ал күндүз жер үйлөрдү байкап, киши жок болсо эшигин талкалап кирип акча, зер буюмдарды уурдап жүргөн. Шектүүгө карата сотко чейинки өндүрүш иши башталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди",- деп билдирет басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан