Бишкектин Кулиев көчөсүндө 19 жаштагы кыздын телефонун уурдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 14-январь күнү “102” кызматына Чүй жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинен чөнтөк телефон уурдалды деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 2001-жылы туулган К.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган.
Анда ошол эле даректен болжол менен саат 15:00 чамасында белгисиз жарандар арыз ээсинин телефонун жашыруун уурдап кетишкени аныкталган. Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1984-жылы туулган Ж.Н. аттуу жаран кармалган.
Ленин РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алган. Ал эми шектүү аталган РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.