Ош шаарында Кытай жарандары жашаган үйгө барып, чаң салган кыз Ош шаардык милициянын кайгуул кызматы тарабынан кармалды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, милицияга 14-январь күнү саат 11:20 чамасында Кытай жараны Ош шаарындагы үйлөрдүн бирине бир кыз келип, буюмдарды талкалап жатканы тууралуу кабар берген. Жерине ошол замат кайгуул кызматы барып, мас абалындагы кыз унаасы менен келип, үйдүн дарбазасын сүзүп кирип, үйдө ызы-чуу салып, буюмдарды талкалап, унаасынын документин айрып, унаасын калтырып, андан кийин качып кеткени маалым болгон.
"Териштирүү ишинде Кытай жарандары бул кыз аларда котормочу болуп иштерин билдирген. Ыкчам топ кыздын дарегине барышкан. Кыз таксиде бара жаткан жеринен колго түшкөн. Учурда ал Ош ШИИБинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилип, ал эми аталган окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "бейбаштык" беренеси менен катталып, териштирүү иштери башталды", - деп жазылат мааылматта.