Чүйдүн Ысык-Ата районунда уулу энеси менен чогуу жашаган кишини бычактап өлтүргөн деп шектелүүдө. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.
2021-жылдын 15-январында аймактык ооруканадан Ысык-Ата РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө бычактан жаракат алган жаран келип түшкөнү боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон жаран 1955-жылы туулган С.В. экенин, ал алган жаракатынын негизинде аймактык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө каза болгонун аныкташкан.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Териштирүү иштеринде шектүү катары 1982-жылы туулган маркум менен чогуу жашаган аялдын уулу кармалган. Алдын ала маалыматтар боюнча ортодо уруш чыгып, шектүү маркумду бычак менен сайып, өзү окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.