УКМК кармалган депутат Дүйшөн Төрөкулов кайсы иш боюнча шектүү катары кармалганы боюнча кошумча маалымат берди. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
"Ош шаарында жайгашкан тери иштетүүчү фабриканы коррупциялык жана рейдерлик жол менен басып алуу фактылары боюнча УКМК сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жатат.
Тергөө иштеринде Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов бийлик өкүлдөрү жана жеке адамдар менен аталган заводду рейдерлик жол менен басып алууга фигурант катары шектелүүдө. Ага карата далилдер жана түз көрсөтмөлөр алынды. Тергөө тарабынан жыйналган далилдердин негизинде 2021-жылдын 15-январында, ДүйшөнТөрөкуловго Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренеси "коррупция" боюнча кылмышка шектүү катары эскертилип, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында УКМК бул кылмышты жасоого катыштыгы бар адамдарды аныктоо жана жоопко тартуу боюнча иштер уланып, тергөөнүн жүрүшү жөнүндө тиешелүү маалыматтар коомчулукка жана жалпыга маалымдоо каражаттарына билдирилмекчи", - деп жазылат маалыматта.