Бишкектеги Алтын-Ордо конушундагы турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Алтын-Ордо конушунун 7-көчөсүндө чыккан өрттү өчүрүүгө саат 13:00дө бир бөлүм тартылса, 13:11де экинчи бөлүм жөнөп кеткен. Өрттүн себеби белгисиз.
Кошумча маалымат берилет.