Кыргыз Эл артисти Артыкпай Сүйүндүков эл аралык фестивалда "Мыкты режтссёр" наамын жеңип алды. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, режиссёр мындай наамга Индиянын Калькутта эл аралык кинофестивалында жетишти.
Белгилүү болгондой, Артыкпай Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы аталган фестивалга катышкан. Пандемияга байланыштуу фестиваль 8-15-январь аралыгында онлайн форматта өттү.
"Шамбала" тасмасы жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак-Кеме" повестинин негизинде тартылган.