Нарын районунда мыйзамсыз алтындын курамы бар делген ак түстөгү таштарды алып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 16-январь күнү Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери "Мал уурулук" аталышындагы ыкчам иликтөө иш-чараларын өткөрүп жатышкан. Саат 05:50 чамасында Нарын районунун аймагынан УАЗ үлгүсүндөгү унаасын текшерген учурда Солтон-Сары жайлоосунун Көл-Төр участкасынан алтындын курамы бар делген өңү ак түстөгү 3 даана капка салынган таштарды алып келе жаткан жеринен кармалган.
Анда УАЗ үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу Нарын районунун Эмгекчил айылынын тургуну 1998-жылы туулган К.Б. жана ушул эле айылдын тургундары 1999-жылы туулган Т.А. 2000-жылы туулган А.А. жана 2000-жылы туулган М.Н. жана 1999-жылы туулган Ж.Т. атуу жарандар чогуу алып келе жатышкан.
Аталган факты Нарын РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, алынган ак түстөгү таштарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.