Бишкекте милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө жүргүнчүнү сүзүп, качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 12-январь күнү 2005-жылы туулган Ж.А. аттуу кыз арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү болжол менен саат 14:45 чамасында белгисиз айдоочу, белгисиз унаа менен Кулиев көчөсүнөн тундүк тарапка бара жатып, Чүй көчөсүнүн кесилишине жетпей арыз ээсин сүзүп, андан ары окуя болгон жерден качып кеткен.
Натыйжада арыз ээси жол кырсыгынан жабыркап, № 3 балдар ооруканасына кайрылган. Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-чаралары жүрүп, шектүү катары Лексус үлгүсүндөгү унаанын 1979-жылы туулган Т.З. аттуу айдоочусун кармашкан.
Азыркы учурда унаа айып короосуна токтотулуп, ал эми айдоочусу Бишкек ШИИББинин тергөө бөлүмүнө өткөрүлүп берилген.