Чүйдө таксисттин денесине отвертка менен жаракат келтирип телефонун жана унаасын тартып алган шектүү Таласта кармалды

Чүй облусунун Аламүдүн районунда таксисти коркутуп, денесине жаракат келтирип теелфонун жана унаасын тартып алып, из жашырган шектүү Талас облусунан кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2020-жылдын декабрь айынын орто ченинде Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Төмөнкү-Аларча айылындагы көчөлөрдүн биринде каракчылык фактысы болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде Аламүдүн РИИБинин тергөө тобу окуя болгон дарекке барып, териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө жабырлануучу 26 жаштагы А.Ш. аттуу жаран экендиги такталып, окуя кандайча болгонун айтып берген.

"Жабырлануучу унаасы менен жүргүнчү ташып иштеп жүргөн учурда өткөн жылдын 13-декабрь күнү болжол менен саат 14:00 чамаларында анын унаасына болжол менен 30-35 жаш курактагы эркек киши отуруп, аны Төмөнкү-Аларча айылына жеткирип коюуну суранган. Көрсөтүлгөн дарекке жетээрде жүргүнчү эч себепсиз айдоочуну коркутуп, отвертка менен айдоочунун денесине жаракат келтирип, анын унаасын жана телефонун тартып алып, белгисиз тарапка из жашырып кеткен.

Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш амалдарынын натыйжасында жогорудагы унаа Аламүдүн районунун Маевка айылынан табылган. Бул кылмыштын бетин ачуу үчүн бир катар иш-чаралар жүргүзүлүп, кылмышка шектүү катары 30 жаштагы Б.Б. аттуу жаран Талас облусунун аймагынан кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Shabi
2021-01-18 12:00:52
Сакалдуунун баары эле ыймандуу эмес деген ушул да.сакалын орттонгур
+2
Raihan0602
2021-01-18 13:24:19
Светтик мамлекет болгондон кийин мындай саксайтып сакал койгондорго бир аз чектөө болсо болмок.Кылмыш кылгандар көбү сакалга жамынып ыймандуу көрүнүмүш болуп ыплас иштерге барып жатышат.Кечээ Бишкекте башынан бери кара чүпөрөк жамынган бирөөнү көрдүм бул эмне деген көрүнүш анын ичинде аялбы же эркек барбы түшүнгөн жокмун.Оюң ар кандай коркунучтуу нерсеге кетет экен мындай нерсенин аягы каяка алып барат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан