"Положенец", "смотрящий" статустарга ээ. Жазасын өтөп жаткан абакта баңгизат сатып, кумар оюндарын уюштуруп жүргөн кылмышкерлер кармалды

Өлкөдөгү жазаларды аткаруу мекемелеринде жазасын өтөп жатып, баңгизатын сатып, азарт оюндарды уюштуруп жүргөн кылмышкерлер аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ведомстволор аралык топ "кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)" боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Операция ИИМдин криминалдык милиция кызматынын демилгеси менен жүрүп жатат. Кылмыш ишинин материалын ЖАМКнын тергөө башкармалыгы иликтеп жатат.
Жүргүзүлгөн атайын операциянын натыйжасында эркинен ажыратылган жайда криминалдык статуска ээ жана кылмыштуу аракеттерге тиешеси бар жарандардын аты-жөнү такталды.
"Соттолгон 1992-жылы туулган К.Э. жана 1987-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандар Жазаларды аткаруу мамлекеттик мекемелердин биринде жазаларын өтөөдө. Алар аталган жайда жазасын өтөп жатып, “положенец” жана “смотрящий” криминалдык статустарга ээ. Алынган маалыматтарга караганда алар көп убакыттан бери соттолгон адамдардан опузалап акча талап кылып, алдамчылык, баңгизаттарды сатуу, андан сырткары жаза өтө мекеменин ичинде, анын сыртында азарттык оюндарды өткөрүү менен алектенип жүрүшкөн. Топтолгон каражаттарды “общактардын эсебине” жөнөтүп турган.
Кылмыштуу жол менен түшкөн акча каражаттары “Элсом” мобилдик тиркемеси менен келип түшүп турган. Андан соң бул акча каражаттар кылмыштуу зарылчылыктарга бөлүнүп, коротулуп турган. Кылмыштуу топтун активдүү үч мүчөсү аныкталып, алардан “общакка” деген акча каражаты табылып алынды. Алар мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу жолдору менен алектенип жүрүшкөн. Кармалгандардын ичинде аял кишилер да бар.
Фигуранттардын жашаган жери боюнча издөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда 297 миң сом жана 8200 доллары табылган. Болжолдуу маалымат боюнча бул эсепте миллион сомдон ашык акча каражаты болгон. Кылмыштуу кирешелерге каршы аракеттенүүгө багытталган ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү улантылууда", - деп жазылат маалыматта.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
HAKER-KG
2021-01-19 02:41:28
Ой молодец ушундай болуш керек эле Москваны дагы бир эки ай изилдеп текшерип берсе аябай жакшы болмок эле айрыкча бизнес кылгандар чон жардам болмок ато биснес баштасан биринчи красный жак документ даярдап бутуп иштеп башташанда чёрныйлар келет Москвада бизнес кылгандар билет калп дегилечи андай болбосо
+4
SHMIT
2021-01-19 10:25:01
Абакта туруп кармалды тан калыштуу Абактын кызматкерлерин жоопко тартыш керек Укмк
0
JaneEr
2021-01-19 10:46:07
Атыш керек,абактагы надзирательди кошуп.
-1
Jelezo
2021-01-19 10:46:21
Түрмөдө иштегендер менен бөлүшөт, алардын да үлүшү бар, телефон, баңги зат баарын эле иштегендер алып келип берип турушат.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан