SUPER.KG порталынын #SupersportАзатайтат долбоору акыркы бир жума ичинде Кыргыз өлкөсүндөгү жана дүйнөлүк спортто орун алган урунттуу учурлар менен тааныштырууну улантат.
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин кичүү уулу Эмир-Хан Кыдыршаевдин "Леванте" клубунда жүргөн сүрөтү жарыяланды. Сочиде өткөн "BRAVE CF" турниринде кыргыз мушкери Кубанычбек Абдисалам уулу тажикстандык атаандашын муунтуу ыкмасы менен мөөнөтүнөн мурда жеңди. Казакстандын "Кайрат" клубу кыргыз футболчусу Гүлжигит Алыкуловдун мультфильм каарманындагы сүрөтүн жарыяланды. "Дордой" клубунун чабуулчусу Жоэль Кожо кыздуу болду.
Дүйнөлүк спортто эмне кеп? Орусиялык атактуу UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов карьерасын кайрадан улантууга даяр. Лионель Месси "Барселона" клубундагы карьерасында алгачкы кызыл айып кагазын алды.