"Мүлктөрүнүн баасы 4 миллион доллардан ашат". Финполдун ички иликтөөлөр башкармалыгынын жетекчиси мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды

Финполдун ички иликтөөлөр жана коопсуздук башкармалыгынын жетекчиси, каржы полициясынын майору Т.А.Р мыйзамсыз баюуга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, шектүү Финполдогу жетекчилик кызматтарда иштеп турганда Ош жана Бишкек шаарларынан 15 кыймылсыз мүлк сатылып алынып, анын жакындарына катталганы аныкталган. Мындан сырткары Ош шаарында 13 кабаттуу үйдүн, ресторандардын, дүкөндөрдүн жана май куйуучу жайлардын курулушунун басымдуу бөлүгү Т.А.Р. тарабынан каржыланган. Т.А.Р.нын мүлктөрүнүн жалпы суммасы алдын ала эсептөөгө ылайык 4 миллион доллардан ашат.

"Шектүү 18-январда кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди. Учурда иликтөө иштери уланып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар кармалган адам Айбек Токоев экенин билдиришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
kamchatka
2021-01-19 13:45:30
Токоевдин тубуно Ыдырыс жети
+1
kamchatka
2021-01-19 13:48:19
Эми Ошто дары дармектер департаментин бир аралап койсонор ал жердеда миллиардер болуп кети Канышай эженер Сокенин аяшы
+2
Birimdik5555
2021-01-19 16:10:26
Ии азаматтар жакшы иштей бергиле ушуга окшогон мите курттарды чекеден сыккыла
+1
Assa0000
2021-01-19 17:47:25
Эми ооруп калат
+1
zam81
2021-01-19 20:33:34
Журогум ий болотко эми
+1
Aruujanshaxi
2021-01-19 21:26:17
Ак ийилет бирок сынбайт. Бул адамдын 20 жашынан бизнес баштап,өз эмгеги мн жеткенине канчалаган адамдар күбө. Акчаны акча тууйт,иштин жолун тапса эмгегине жараша баарынын колунан келет. Бул адам финполго келгичекти эле бизнес иштери бар болчу.Иштей турган адамга мүмкүнчүлүк бериш керек да.Ыдырыс да түшүнөн чоочуп бул кишинин бутуна чалынып жүрбөсө керек.Креслосуна кызыккандар бар да. Болбосо 120 депутаттын иштебегенин элдин баары билчүү ошолордун мүлкүн эсептеген эч ким жок го.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан