Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү миллион сомдон ашык суммадагы алдамчылыкка шектелип кармалды

Бишкек ШИИББдин ыкчам кызматкерлери тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ыкчам каттоодо турган, миллион сомдон ашык суммадагы алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 25-декабрь күнү Октябрь РИИБине шаар тургуну И.Ж. кайрылган. Анда А.К. аттуу жаран март айында ишенимге кирүү жолу менен "Тунгуч" кичи районунан жер тилкесин алууга жардам көрсөтүү шылтоосу менен 180 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын алган. Кошумчалай кетсек, буга чейин 2019-жылдын 4-октябрында биргелешип ишкердик жүргүзүү шылтоосу менен 20 миң сом өлчөмүндөгү каражатты ээлеп алган. Андан кийин убадасын аткарбай, жүргөн жерин жашырып жүргөн.

Ушундай эле арыз менен 8-январь күнү Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө дагы бир шаар тургуну кайрылган. Арызда жогорудагы адам 2020-жылдын 12-ноябрь күнү Маевка айылынан биргелешип ишкердик кылуу максатында 60 миң сом акчасын алып, андан кийин из жашырып кеткени жазылган.

Бул фактылар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү А.К. кармалган. Ал ИИМде уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары каттоодо турганы аныкталган.

Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Шектүүнүн үстүнөн 12 факты боюнча иш козголгон. Жалпы чыгымдын баасы 1 миллион 431 сом.

Кимде-ким шектүү адамдан жапа чегип же кандайдыр бир маалыматтарды билсе, төмөнкү номерлерге чалууну милиция кызматы суранат.

Байланыш телефону: 0(700) 102-700 жана 102.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан