Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып 47 жаштагы киши каза болду

Чүйдө турак үйдөн өрт чыгып, эркек киши каза болду. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, маркум 47 жашта болгон.

"Панфилов районунун Каптал-Арык айылындагы турак үйдүн 6 чарчы метр чатыры жана ички жасалгасы күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1973-жылы туулган эркек киши каза болгон. Маркумдун жансыз денеси милиция кызматкерлерине өткөрүлдү. Өрттүн себеби такталууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан