Бишкекте уурдалган унаа өрттөлгөн абалда табылды

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен маалымдашты.

Маалыматка ылайык, 2021-жылы 13-январда Свердлов РИИБинине Т.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 00:00дөн баштап 7:00 ортосунда Чувашский көчөсүндөгү ВАЗ-2109 маркасындагы унаасын белгисиз жаран уурдап кеткендигин айтып, чара көрүүнү суранган.

Криминалдык милиция кызматкерлеринин ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде болжол менен 17:00дө уурдалган ВАЗ-2109 унааны Заводская көчөсүндө өрттөлгөн абалда табышты. Жеринде өрттөлгөн унаага текшерүү жүргүзүлүп, керектүү тетиктердин бөлүктөрү алынып экспертиза дайындалды.

Аталган кылмышка шектелип Свердлов РИИБи тарабынан 1992-жылы туулган Д.А., 1986-жылы туулган Е.А. аттуу жарандар кармалды. Шектүүлөрдүн айтымында, кылмыш ишин жашыруу үчүн унааны өрттөп жиберишкен. Алар Убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү ресстрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан