Чүйдүн Сокулук районунда ири суммадагы акча каражатын уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
2021-жылдын 16-январь күнү Сокулук РИИБине телефон чалуу болуп, Сокулук районунун Шалта айылындагы үйлөрдүн биринен ири суммадагы акча каражаты уурдалгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Бул маалыматтын негизинде көрсөтүлгөн дарекке дароо Сокулук РИИБдин ыкчам тергөө тобу чыгышкан. Милиция кызматкерлерине 51 жаштагы К.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, 15-январдан 16-январга караган түнү анын малчысы үйүнө бирөө кирип, 1 миллион 400 миңден ашуун акча каражатын уурдап белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген.
Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.
Териштирүү учурунда кылмышка шектелген жаран 6 айдан ашык убакыттан бери малчы болуп иштеп, арыздануучунун үйүнүн жанындагы времянкада жашап келген. Ычам тергөө иш-амалдарынын жыйынтыгында, жогорудагы кылмышка шектелип, мурда бир нече жолу соттолгон 40 жаштагы М.С. Бишкек шаарындагы күнүмдүк берилген батирлердин биринен кармалган. Шектүүнүн жашаган жеринен уурдалган каражаттардын 1 миллион сому табылып, калган суммасы иштетилгени аныкталган. Табылган каражат ээсине кайтарылып берилип, шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.