Нарын облусунун аймагында жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, бүгүн, 19-январь эртең менен саат 08:38де Нарын облусунун аймагында, очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Тилек, Ак-Чий, Баетов, Байганчек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.