Ак-Талаа районунун тургунунун үйүнөн документи жок бир нече ок атуучу куралдар алынды

Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургунунун үйүнөн документи жок бир нече ок атуучу куралдар алынды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

2021-жылдын 7-январь күнү "Турук майнинг" иш канасынын кызматкерлери Турук көмүр кенинде мыйзамсыз аңчылык кылып жана мыйзамсыз көмүр казып иштетип жатат деген Ак-Талаа РИИБине билдирүү келип түшкөн. Аталган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу барган учурда Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылына караштуу Турук көмүр кенинде эч кандай көмүр казуу иштеринин болбогонун ошол жердеги кароолчулар билдирген.

Мындан тышкары Турук көмүр кенинин күн батыш тарабында жайгашкан контейнердин ичинен белгисиз жапайы жаныбарлардын эттери жатат деп кароолчусу билдирген. Бирок контейнерден белгисиз өңү кара кочкул түстөгү тоңуп калган канга окшош суюктук заты алынган. Аталган факты Ак-Талаа РИИБде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Ак-Талаа райондук сотунун тергөө судьясынын токтомунун негизинде Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери Нарын облусунун Ат-Башы районунун тургуну 1978-жылы туулган А.Б. жашап жаткан үйүн тинтүү учурунда "КО" үлгүсүндөгү сайлуу ок атуучу куралдын 13 даана огу жана үйдүн коридорунун ичинен өңү ак түстөгү каптын ичинен 19 даана Калибр-12инин гильзасы жана Калибр-16 ок атуучу куралдын 1 даана гильзасы табылган.

Ал ок атуучу куралдарды далилдөөчү документтери жок, мыйзамсыз алып жүргөндүгү тинтүү учурунда билинген. Азыркы учурда алынган сайлуу ок атуучу куралга, ок дарыларына, гильзаларга тиешелүү соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан