Нарын облусунда ок атуучу куралды огу менен мыйзамсыз алып жүргөн жаран кармалды

Нарын облусунун Ат-Башы районунда ок атуучу куралды огу менен мыйзамсыз алып жүргөн шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылдын 14-ноябрында саат 12:00 чамасында Ат-Башы райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери кызмат өтөп жүргөн маалда Ат-Башы районунун тургуну 1986-жылы туулган М.А. аттуу жаран эч бир тиешелүү уруксат кагаздары жок ТОЗ үлгүсүндөгү ок атуучу куралды 2 огу менен көтөрүп жүргөн жеринен кармалды.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жаткандыгы жазылат малыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан