Чүйдүн Беловодское айылында Москва РИИББинин тергөө-ыкчам тобу тарабынан таңгакталып оролгон баңгизатын алып качууга аракет жасаган шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, кечээ, 18-январда саат 17:30 чамасында Хонда Фит үлгүсүндөгү унаа менен жүргөн белгисиз адамдар баңгизатын Беловодское айылындагы №16 түзөтүү мекемесинин аймагына өткөрүүнү көздөгөн. Окуя болгон жерде Москва РИИББинин тергөө-ыкчам тобу иштеп, тасмага оролгон таңгакты табышкан. Анын ичинен салмагы 20 граммды түзгөн баңгизаты бар экендиги аныкталды.
"Колониянын кызматкерлери байкаган унаа окуя болгон жерден Бишкек шаарын көздөй качып кетүүгө аракет кылган. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын ыкчам кызматкерлери дароо райондук ички иштер
бөлүмүнүн тиешелүү кызматтарына кабарлашкан. Унаа Военно-Антоновка айылындагы жол-кайгуул кызматынын инспекторлору тарабынан токтотулган. Анда 1994-жылы туулган М.у.Э., 1996-жылы туулган Р.у.Н., 1995-жылы туулган А.А. жана 1994-жылы туулган М.у.Н. кармалып, Москва РИИБине жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат малыматта.