Ветинспекциянын мурдагы башчысы Калысбек Жумаканов УКМК тарабынан кайрадан кармалды

УКМК Ветеринария жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын мурдагы башчысы Калысбек Жумакановду кайрадан кармады. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик инспекцияда биопрепараттарды жана вакциналарды жогорулатылган баада сатып алууда дагы бир коррупциялык схема аныкталган. Ошондой эле кызматкерлерден акча талап кылуу фактыларынын бети ачылганы жазылат маалыматта.

"Калысбек Жумаканов жетекчи болуп турганда 2017-жылдан 2020-жылга чейин 90 миллион сомго ветеринардык дары-дармектерди алууда негизсиз келишимдер түзүлгөн. Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген сынактан өтпөгөн жарандарды жумушка алган. Ошондой эле кызматкерлер сый акы алганда опузалап акча талап кылган", - деп жазылат маалыматта.

Буга чейин башчы Жумаканов 2020-жылдын октябрь айында УКМК тарабынан кармалган. Анда ал ири мүйүздүү жана майда малга вакцина, биопрепараттарды сатып алууда бюджеттик каражат мыйзамсыз чыгарылып кеткени боюнча айыпталган. Анда ал мамлекетке 31 миллион сом чыгым келтиргени аныкталган. Бирок анын ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылган.

Учурда Жумаканов УКМКнын СИЗОсуна камакка алынган.






РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Asman779
2021-01-19 15:35:03
Кайсы арына иштеп журушот. Оюнда уй булоосун жакшы багып атам дешет да булар, а чындыгында Арам Акча менен багып жатышат. Эл арасында оздорунчо эле важный болуп ойдо карап, акыл айтып ар кимге.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан