Мындан 7 жыл мурун Бишкекте адам өлтүрүү фактысы менен соттолгон айыпталуучу жазасын жеңилдетүү максатында Жогорку Сотко апелляциялык арыз менен кайрылган. Анын даттануу арызы канааттандырылбай бир нече соттук процесстерден улам буга чейин чыккан өкүм өзгөрүүсүз калтырылды. Аталган өкүм Жогорку Соттун расмий сайтына бүгүн, 19-январда жарыяланды.
Окуянын чоо жайы:
Тургунбаев Улугбек Манапович - 1978-жылы 2-июлда Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районунда туулган. Улуту кыргыз, билими орто, үй-бүлөлүү, убактылуу иштебейт, мурда соттолгон эмес, жашаган жери Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын бири.
2013-жылдын 16-февраль күнү Бишкекте М.О. аттуу жарандын өлүмү боюнча У.Т. жана Б.Р. кармалышып, алар адам өлтүрүү фактысы боюнча камакка алынышкан. Ал эми Н.Д. атайын өзгөчө оор кылмышты жаап-жашыруу боюнча айыбы угузулуп, баш коргоо чарасы катары өздүк кепилдикке алынган.
Камакта жаткан учурдагы соттолуучу У.Т. Н.Д.нын апасына уюлдук телефон аркылуу чалып, эгерде ага тергөө абагына тамак-аш киргизип, акча жана анын уюлдук телефонуна бирдик жүктөп бербесе, баласына карата адам өлтүрдү деген көрсөтмө берем деп, аны баласы менен кошо түрмөгө отургузам деп коркутуп, 17 миң сомдук тамак-ашын, 2 миң сом акчасын алып алган. Ал эми миң сомго абоненттик номерлерге бирдик салдырган. Натыйжада жабырлануучу М.Х. жалпысынан 20 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян тарткан.
Мындан тышкары, соттолуучу У.Т. кылмыш ишин токтотпой, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунда боло турган сот отурумунда Н.Д.га карата М.О.нун өлүмүнө тиешеси бар деген көрсөтмө берген. Ал кийин М.Х. кайра телефон чалып, эгерде ага 30 миң сом акча бербесе берген көрсөтмөсүндө турарын жана ал баласы экөөнү камакка отургуза турганын билдирген. У.Т. өзүнүн таанышы аркылуу 30 миң сом акча алган жерден кармалган жана тинтүү учурунда анын чөнтөгүнөн жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаты табылган.
Айыпталуучу кийин Жогорку Сотко кайрылып, жазасын төмөндөтүп берүүнү суранган
Жогорудагы чыгарылган соттук актылар менен макул болбой, соттолгон У.Т. Жогорку Сотко кассациялык даттануу менен кайрылган. Тийиштүү бардык тараптын көрсөтмөлөрүн угуп, Жогорку Сот даттанууну канааттандыруусуз калтырган.
Себеби зомбулук көрсөтөм деп коркутуп ага тете эле жабырлануучуну же анын жакын туугандарын жалган-жалаа маалыматтар менен коркутуп, же болбосо жабырлануучунун же анын жакын туугандарынын укуктарына же мыйзамдуу кызыкчылыктарына олуттуу зыян келтириши мүмкүн болгон башка маалыматтарды таратам деп коркутуу менен башка бир мүлккө карата укугун талап кылуу деп соттук коллегия эсептейт.
Айыпталуучу соттук отурумдарда коюлган айыбын толук моюнуна алган эмес
Бирок анын күнөөлүү экендиги иштин материалдары менен далилденген.
Өкүм:
- Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 170-берене боюнча катталып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылган, үй-мүлкү конфискацияланган;
- Белгиленген жазаларды толук кошуу жолу менен жалпысынан 4 жылга эркиндигинен ажыратылып, жазаны өтөө жатак абагында белгиленген;
- Жабырлануучунун доо арызы канааттандырылып, У.Тургунбаевден жабырлануучу М.Х.нын пайдасына 20 миң сом материалдык зыян өндүрүлгөн.