Ысык-Көлдө кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүрүп, андан соң өзүнүн жанын кыймакчы болуп дары ичип алган күйөө каза болду. Бул тууралуу Түп райондук ооруканасынан билдиришти.
Бирок дарыгерлерден качан каза болгону тууралуу маалымат алуу мүмкүн болгон жок.
9-январь күнү Ысык-Көлдө күйөөсү кызганычтан улам аялын муунтуп өлтүргөн окуя катталган. Маалыматка ылайык, 9-январь күнү болжол менен саат 8:00 чамаларында анын улуу агасы 45 жаштагы А.А. уюлдук телефон аркылуу чалып, 40 жаштагы аялы А.Г.ны кызганычтан улам муунтуп өлтүрүп алгандыгын билдирген. Кашарга барганда уктоочу бөлмөдө жеӊесинин жансыз денесин тапкан, ал эми агасы болсо "көк таш" жана неоцидол дарыларын ичип, өзүн-өзү өлтүргөнгө аракет көргөн, мындан улам карындашы милицияга кабарлаган.
Маркум аялдын жолдошу райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.