Бишкекте жаңы салынып жаткан имараттан электр зымдарын уурдап бара жаткан жаран кармалды

Бишкекте жаңы салынып жаткан имараттан электр зымдарын уурдап бара жаткан жаран кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

2021-жылдын 14-январында саат 05:35 чамасында Бишкек ШИИББинин “102” кызматына Байтик баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилишинен электр зымдарын уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн.
Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда, 1980-жылы туулган К.Т. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 05:25 чамасында белгисиз жаран жаңы салынып жаткан курулуш имаратынан баасы 72 миң сомдук электр зымдарын уурдап качып кеткен.

"Жазылган арыздын негизинде милициянын кайгуул кызматкерлери ошол замат чечим кабыл алып, ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Ө. аттуу жаранды качып бара жаткан жеринен кармашкан. Ал Октябрь РИИБинин тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан