Бишкекте короодогу унааны уурдай качып, көп өтпөй жол кырсыгына кабылган шектүү кармалды

Бишкекте унаа уурдаган шектүү кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 28-декабрында кечки саат тогуз жарымдар чамасында белгисиз жаран көчөдөгү башка бирөөнүн үйүнүн короосуна кирип, Хонда Аккорд унаасын уурдап кеткен.

Ал көп узабай жол кырсыгына кабылып, унаа менен барып бакты сүзүп алган. Андан соң шектүү унааны таштай салып качып кеткен, ал эми жабырлануучу милицияга кайрылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки териштирүү иштери башталган. Ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1985-жылы туулган Ш.Р. аттуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Шектүү кылмыш кылганда мас абалында болгону аныкталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан