Кечээ, 19-январда Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды даярдоого колдоно турган өзгөчө ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташып бара жаткан унаа кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, унаанын айдоочусу Ж.И. аттуу жаран болгон. Бул факты кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы) боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
"Кармалган жарандын айдап бараткан унаасынын жүк салынуучу бөлүгүнөн жалпы салмагы 1 тоннадан ашык болгон ичинде белгисиз суюк зат бар 42 даана жашиктер табылды. Эксперттин корутундусуна ылайык, алынган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн аммиак суусунун суу эритмеси болуп саналат. Ал амфетамин түрүндөгү стимуляторлорду жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулат жана атайын эл аралык жана улуттук көзөмөлгө алынуучу заттардын чектелген тизмесине киргизилген. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иштери улантылууда", - деп жазылат маалыматта.